Ысык-көл облусундагы өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк 3-Көчмөндөр оюнуна карата бул аймактагы милиция кызматкерлерине жапырт англис тили үйрөтүлө баштады.

 

Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, үйрөнө тургандар үч топко бөлүнүшөт: баштоочулар, ортодогулар жана улантуучулар болуп.  Мүмкүн болушунча дээрлик бардык милиция кызматкерлерин үйрөтүүгө аракеттенишет.

 

Курсту аяктагандан кийин милиционерлер тест түрүндөгү сынак тапшырышат. Алар Көчмөндөр оюнуна чет өлкөдөн келген коноктор менен баарлашып, тартип эрежелерин түшүндүрө алгыдай болушу керек.

 

Келерки Көчмөндөр оюну 2018- жылдын сентябрь айында өткөрүү пландалууда.