Депутат Гүлшат Асылбекова балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө депутаттардын кызматтык батирлерин берүү сунушун жолдоду.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында сөз болду. Ал балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын эрезеге жеткенден кийин бара турган жерлери жоктугун белгиледи.

 

“Алар көчөдө эле калышат. Баш калка кыла турган жайлары да, каттоолору да жок. Андай балдар үчүн үй курууга арналып, бөлүнгөн жерлер да жок. Алар ипотекага үй да ала алышпайт”, - деди депутат.

 

Гүлшат Асылбекова Жогорку Кеңештин кызматтык батирлери эч ким жашабай ээн турганын эске салды.

 

“Аламедин-1”деги батирде жети жылдан бери эч ким жашабайт. Шаардын ортосундагы алты батир да бош турат. Парламенттеги бардык фракциялар кызматтык батирлерден баш тартышкан. Ал батирлерге Жогорку Кеңеш ай сайын коммуналдык төлөмдөрдү төлөйт. Мен ошол батирлерди балдар үйүн аяктап келген турак-жайга муктаж балдарга берүүнү сунуштайм”, - деди депутат.

Ал батирлерди баш-оту менен эмес, убактылуу жашоого жатакана өңдөнтүп берүү зарылдыгын да кошумчалады.