ЖККУнун “Кант” авиабазасынын Фейсбуктагы баракчасында кыргыз-орус биргелешкен аскер машыгуусунун видеосу жарыяланды. Тасмадан СУ-25СМ согуштук учагы С-8 ракетасынан шарттуу душманга кыйратуучу сокку урганын көрүүгө болот.

 

Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 5-7-мартта “Эдельвейс” окуу борборунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү менен Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун биргелешкен операцияларды пландоо боюнча машыгуусу өткөнүн билдирди.

 

Кант шаарындагы машыгууга Орусия Куралдуу күчтөрүнүн 999-авиациялык базасы дагы катышты.