Өткөн жумада Душанбеде өткөн тажик-өзбек бизнес-форумунун алкагында Тажикстанга өзбек газын жеткирүүнү калыбына келтирүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Документ эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

«Газ» макулдашуусу бизнес-форумдун жүрүшүндө кол коюлган 16 документтин бири. 9-мартта эки өлкө бийлиги кол коюлган макулдашуулардын жалпы суммасы 620 миллион долларды түзөрүн билдиришкен.

 

Маалыматка караганда, мындан ары Өзбекстан тажик тарапка ар бир куб метр газды дүйнөлүк биржадагы баа менен сатат. Ошол эле маалда Ислам Каримовдун тушундагыдай алдын-ала төлөө шарты милдеттүү болбой калат.

 

Учурда көгүлтүр оттун бир миң куб метринин дүйнөлүк баасы 263 долларды түзөт. Тажикстан акыркы жолу өзбек газын сатып алган 2012-жылы бир миң куб метр үчүн 350 доллар төлөгөн.

 

Тажикстандык экономист Шамсиддин Жалоловдун айтымында, өзбек газынын экспорту — өлкөдө электр энергиясын үнөмдөөгө жана аны коңшу өлкөлөргө сатууга мүмкүндүк берет. Андан тышкары ата-мекендик өнөр-жай ишканаларынын көбү көмүрдөн газга өтүп, кыйла сапаттуураак продукция өндүрүүгө мүмкүндүк алышат.