“Ээрге башында эле кыйшык отурган”,- демекчи, маданият, маалымат жана туризм министрлиги туура эмес жетекчи тандайбы же бир мандеми барбы, айтор Юнесконун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген, түштүк борбордогу көзгө басар ыйык Сулайман тоо музейи директорго жарыбай койду. Былтыр бул орунга айтылуу ырчы Самара Каримова дайындалган күнү социалдык түйүндөрдө “революция” болуп, ал кездеги министр Т.Казаков эртең менен чыгарган буйругун кечинде кайтарып алууга мажбур болгон. Андан соң Сулайман-Тоонун тактысына А.Кангелдиев деген отурган. Бирок жыл айланбай анын да былыктары чыгып, жамаат менен ит мышык болуп жаткан кербези. Алгач музейдин катардагы кызматкерлери директордун орой мамилесине, кээде жашы өзүнөн улуу, өмүр боюу иштеп келаткан эжелерди уят сөздөр менен жемелегенине даттанышкан. Мындай терс мамилени көтөрө албаган бир кызматкер эстен танып жыгылып калгандыгын айрым социалдык тармактар онлайн версияда көрсөтүшкөн болчу. Ушунча ызы-чуу чыгып аткан соң жөн отура албай, министрдин орун басарларынын бири Ошко барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бирок андан бери бир нече күн өтсө да эч кандай тыянак чыгарылбай же директордун оройлугун же жамаат жалган жалаа жаап жатат деген бүтүм чыкпай, жымжырттык өкүм сүрүүдө. Бул аралыкта  бизге Сулайман-Тоо музейинин кассасынан ири суммада акча “жоголгондугу” тууралуу да кабар жетти. Балким, бул суроого министрлик жооп бералбаса, тиешелүү органдар кызыгып көрүшөр...

 

 

“Майдан-пресс”,  Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить