«Тажикфильм» киностудиясы бардык жергиликтүү жана чет өлкөлүк фильмдердеги эротикалык жана интимдик эпизоддорду кыркып туруп экранга чыгарууну сунуштоодо.

 

Кинотасмалардагы адептүүлүктү сактоо жөнүндө атайын пункт иштелип чыгып, Тажикстан өкмөтү колдогон “Тажикфильмдин” жаңы уставына киргизилди. Документке ылайык, киностудия мындан ары тасма гана тартпастан, жергиликтүү жана чет өлкөлүк фильмдердеги “уят” көрүнүштөрдүн кыркылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

Бул үчүн “Тажикфильм” киностудиясынын алдында атайын коллегия түзүлөт. Топ бардык фильмдерди карап, моралдык талаптарга шайкеш келер-келбесин текшерет.

 

Автордук укуктардын сакталышына көзөмөл жүргүзүлүп, “пираттык” фильмдердин кинотеатрларда көрсөтүлүшүнө тыюу салынат.