Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” партиясынан келчү кезектеги депутатын БШК катуу иликтөөгө алууда. Аталган мекеменин төрайымынын орун басары   Абдыжапар Бекматовдун айтымында,  учурда Клара Кабилованын кош жарандуулугу бары -жогу иликтенип жаткандыктан, ага мандат берүү маселеси   убактылуу токтотулган.

 

 

Эске салсак, БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилова аты-жөнүн Гүлнара –Клара Самат деп өзгөртүп, аталган партиянын тизмесине жазылган. Аида Салянованын мандатынан ажыратылышы менен ага депутат болууга кезек тийген. Бирок,  Клара Кабилованын орус жарандыгы бар болушу мүмкүн экени коомчулукта айтылгандыктан, айрым жарандык  активисттер  тарабынан БШКга бул маалыматты тактоо суранычы келтирилген.

 

Белгилей кетсек, Гүлнара – Клара Саматтан кийин аталган партиянын тизмесинде экс-депутат Ташболот Балтабаев жазылган. Эгер Кабилованын орус жарандуулугу бар экени тастыкталса, парламентке Балтабаев келиши мүмкүн.