Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбековдун  тапшырмасы менен
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы укук коргоо, сот жана көзөмөл органдары
тарабынан коррупция жана  мыйзамсыз аракеттердин фактылары боюнча
жарандардын кайрылууларын  жана ЖМКдагы кабарларды  кабыл алып, карап жатат.

 

2018-жылдын 19-февралында Япониянын ”Кыял” кайрымдуулук фондунун жетекчиси
Матсуда Синдзинин кайрылуусу боюнча   мурда козголгон кылмыш иши  иликтөөнүн
кемчиликтерин толуктоо үчүн кайра кайтарылган.

 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук
прокурорунун улук жардамчылары Б.Доктурбеков менен М.Сооронкулов тартип
жоопкерчилигине тартылышты.

 

Эске салсак, Япониянын ”Кыял” кайрымдуулук фондунун жетекчиси, Япониянын
жараны  Матсуда Синдзи  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай
Жээнбековго  анын ишин жеке көзөмөлгө алууга жана ”Кыял”  кайрымдуулук
фондуна акчаны кайтарып берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

 

Өз кайрылуусунда Матсуда Синдзи Кыргызстандын жараны Эльмира Эмилканова
япониялык жарандар тарабынан негизделген кайрымдуулук фондунун  акчаларын
өзүнө ыйгарып алгандыгын, ал эми  соттор акыйкат чечим чыгарбай жаткандыгын
белгилеген.

 

Аталган кайрылууну карап чыгып, материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгында
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Япониянын жараны Матсуда Синдзинин жүйөлөрү
ырасталгандыгын аныктады.

 

«Инклюзивное образование» коомдук фондунун директору Эмилканова Эльнура
Жуманалыевна япониялык жаран Матсуда Синдзи менен таанышып, ишенимине
кирген.  Андан соң  азиздер үчүн окуу борборун уюштуруу максатында квартира
сатып алуу шылтоосу менен 2015-жылдын 8-июнунда 83010 (сексен үч миң он) АКШ
долларын алган.

 

Бул каражаттарга Эмилканова Э.Ж. Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүнөн
квартира сатып алган. Ал квартираны өзүнүн ысымына каттатып, жабыркаган
тараптын көзүн будамайлаган.

 

Андан тышкары 2015-жылдын 3-августунда Эмилканова Э.Ж. жабыркаган жарандан
квартиранын ремонту, техника, жабдуу сатып алуу жана канатташ аймакты
көрктөндүрүү  үчүн деген шылтоо менен 3010 (үч миң он) АКШ долларын кошумча
түрдө алган.

 

Бардык каражаттары максатсыз жумшалгандыгын билип, Матсуда Синдзи квартираны
«Empower Blind People»  коомдук бирикмеге каттатып, калган акчаны кайтарып
берүүнү талап кылган. Эмилканова Э.Ж. аталган талапты аткарбагандан кийин
Япониянын жараны Кыргызстандын укук коргоо органдарына кайрылган.

 

 Өзгөчө ири  көлөмдө каражатты алдамчылык жол менен ыйгарып алуу  тууралуу
кылмыш иши козголгон жана жаран Матсуда Синдзиге жалпы суммасы 113 020 (жүз
он үч миң жыйырма) АКШ доллары көлөмүндө материалдык зыян келтирилген деп
табылган.

 

 Иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бишкек шаарынын
Биринчи май райондук сотунун  тергөөчүсү  А. Аманалиев    “ири көлөмдөгү көз
боемочулук” катары кайра квалификациялаган. Бирок оболу жабыркаган  жарандын
арызы боюнча  “өтө ири көлөмдөгү көз боемочулук” катары квалификацияланган.

 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда  мамлекеттик айыптоочусу катары
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурорунун улук жардамчысы
М.Сооронкулов болгон. Ал  өз кезегинде Матсуда Синдзинин иликтөөнүн
жүрүшүндө  кетирилген  КР кылмыш кодексинин бузулушун жоюу үчүн кайра
иликтөөгө жөнөтүү боюнча  арызын колдогон эмес.

 

Япониянын жаранынын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго
кайрылгандан кийин  Коопсуздук кеңеши  буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөнү
тактап изилдеп көрүп, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокурорунун
улук жардамчылары Б.Доктурбеков менен М.Сооронкулов тартип жоопкерчилигине
тартылышты.

 

2018-жылдын 19-февралында сот жыйынында мамлекеттик айыптоочунун иликтөөнүн
кемчиликтерин жоюу үчүн кылмыш ишин кайра  иликтөөгө жөнөтүү тууралуу  арызы
канааттандырылды. Кылмыш иши кайрадан  иликтөөгө жөнөтүлдү.

 

Кылмыш ишинин мындан аркы иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын
Коопсуздук кеңешинин контролуна алынды. 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү