Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Сергей Скрипаль менен кызынын ууландырылганы тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин айткандарына жооп берди. Бул тууралуу РИА «Новости» агенттиги жазды.

 

«Бул британ парламентиндеги цирк шоусу. Мунун чагымчылдыкка негизделген кезектеги маалыматтык-саясий өнөктүк экени көрүнүп турат», — деди Захарова.

 

ТИМдин өкүлү Британиядагылар буга чейинки Литвиненконун, Березовскийдин, Перепиличныйдын жана башка адамдардын иштери эмне менен аяктагынын айтууга милдеттүү экенин кошумчалады.

 

12-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль Орусия лабораторияларында жасалган адамдын нерв системасын сенек кылчу зат менен ууландырылганын билдирген.

 

Свобода радиосунун лайв-блогу: «Улуу Британия Скрипалдын ууландырылышына Орусияны айыптоодо»​.