Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлиги системалуу
коррупцияны жок кылуу боюнча такталып иштелген планды 25% аткарып,
лицензиялык бөлүмдүн жана илим департаментинин ишмердигине байланыштуу
коррупциялык тобокелдерди жоё элек.

 

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу сунушталган коррупцияга каршы чараларды
аткаруу боюнча отчётту карап чыгып, ведомствонун ишин жетишсиз деп тапты.

 

Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

 


Билим берүү  жана илим министрлиги  коррупция  мүмкүнчүлүгү көп мамлекеттик
орган болуп эсептелет. Ведомстводо  балдар бакчасынан, мектептерден, жогорку
окуу жайларынан баштап, илимге, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө жана
бюджеттик каражаттарды пайдаланууга чейин олуттуу коррупциялык тобокелдин
аймактары бар.

 

Министрлик тарабынан коррупцияга каршы 108  иш чара (52%) аткарылган эмес.
Күнү бүгүнкүгө чейин балдарды мектепке кабыл алууну электрондук программага
өткөрүү ишке ашырыла элек, жеңилдетилген кредиттерди берүү  аркылуу жеке
балдар бакчаларын ачууну жана өнүктүрүүнү колдоого алуунун программасы
иштелип чыгып, пайдаланууга бериле элек, жогорку окуу жайларда студенттердин
изилдөө иштерин  көчүрүп алуусун көзөмөлдөөнүн электрондук системасы
пайдаланылбай келет.

 

Мындан тышкары  автомектептердин билим берүү программасын жана айдоочуларды
даярдоонун  сапатын текшерүү механизмдери иштелип чыккан эмес.

 

Жумушчу топтун отурумунда  Билим берүү жана илим министрлигинин мурда
олуттуу коррупциялык тобокелдер аныкталган лицензиялык бөлүмүнүн жана илим
департаментинин ишиндеги кемчиликтер баса белгиленди.

 

Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн пикири боюнча  Билим берүү  жана илим
министрлигинин айрым жетекчилеринин коррупциянын себептерине каршы күрөшөйүн
деген ниети жок.

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү белгилегендей, бүгүнкү күндө илимдин  бир катар
тармактарындагы  көптөгөн илимий иштер тилекке каршы практикада пайдаланууга
жараксыз, көбүнчө натыйжасы абдан төмөн. Мындан тышкары  көпчүлүк
диссертациялык жана докторлук иштер өз авторлоруна эч кандай тиешеси жок.
Мындай  жагдай ата мекендик илимге зыян алып келет.

 

 Министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев Жумушчу топ тарабынан берилген
сунуштар сөзсүз  аткарылат деп ынандырды.

 

 Билим берүү  жана илим министрлигине тез арада жарым-жартылай аткарылган
жана  аткарыла элек иш чараларды ыкчамдатып  ишке ашыруу сунушталды. Ошону
менен бирге министрликтин  борбордук аппаратынын башкармалыктарынын
коррупцияга каршы такталып иштелип чыккан иш чараларды аткарбаган
кызматкерлерин тартип жоопкерчилигине тартуу сунушу киргизилди.