- Музейибиздин жаңы жетекчиси кызматкерлерге абдан орой мамиле кылат. Алардын укуктарын күн сайын бузуп келатат. Ошондуктан, музейдин директору Абдыкайым Кангелдиев менен кесиптик кошуундун жетекчисинин токтоосуз кызматтан кетишин талап кылабыз! – дешти нааразычылык акциясынын катышуучулары биз ооздон. 
Ал эми Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору Абдыкайым Кангелдиев бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Чалсак, чөнтөк телефонун таптакыр көтөрбөй жатат. 

 

Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин - Ош шаарындагы ыйык Сулайман Тоонун боорунда жайланышкан  этнографилык комплекс. Бул музейдин жетекчисин дайындоого байланыштуу буга чейин дагы чыр чыккан эле. Былтыр ырчы Самара Каримова музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын пикирине кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш өзү баш тарткандыгын жарыялаган. Андан соң учурдагы директор Абдыкайым Кангелдиев дайындалган.

 

Алишер Токсонбаев
Булак: “Майдан.kg” гезити