Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн орнотууга Сооронбай Жээнбековдун күчү жетеби?
- Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?
- Жарандык коомдун дагы ашмалтайы чыгып бүттү да. Жөн эле өздөрүнүн бар экенин көргөзүп туруу үчүн чыгып жүргөндөй сезилишет. Ошодуктан, элдин ишеничинен кетишкен. Аларды эл деле анчалык тогото бербейт. Эл тоготпогон жарандык коомду бийлик тоготмок беле. Бирок, алардын арасында мурда бийликте жүргөндөр да бар. Кыйын болсо колунда бийлиги барында неге азыр сындап жаткан иштерди жасаган эмес. Сындашса да, колдошсо да, бийлик өз жолу менен кете берет. Кандай иштерди жасайт аны алдыда көрөбүз.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити