Бул имаратта студентер үчүн заманбап шартар жаратылып, а түгүл тигүү цехи дагы ачылмакчы. 

 

- Вокалисттер жана сүрөтчүлөр үчүн атайын окуу каааналары курулуп жатат, - деди ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков. – Мындан тышкары аймакта аллея жана сейил бактар жайгаштырылат. Жаңы имараттын фонунда 38 метрлик кыргыз улутук комузунун элеси түшүрүлүп, ал күнү -түнү күйүп-жанып турмакчы.

 

Баса, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратында атайын аянтча дагы жайгаштырылып, анда болочок артисттер жана ырчылар өз таланттарын тартуулоого дагы шарт жаратылмакчы. 

 

ОшМУнун искусство факультетинин эски имаратында ушул тапта 700 чакты студент билим алышып, акырында сүрөтчү, стилист, дизайнер, актердук чеберчилик өңдөнгөн кесиптерге ээ болушат.

 

Алишер Токсонбаев
Булак: “Майдан.kg” гезити