Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн орнотууга Сооронбай Жээнбековдун күчү жетеби?

 

- Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

 

Картинки по запросу алмазбек акматалиев 

 

- Албетте, мындай сотторго, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш жаңы деңгээлге жетти. Ыплас соттордун аты атала баштады, тизмеси түзүлүп жатат. Бул коомдук прессинг, ар бир демократиялык мамлекетте бул табигый эле көрүнүш. Эми, ушундай бааны көргөн бийликтегилер деле бул соттордун ишине кылдат мамиле кыла баштайт. Соттор өздөрү деле байкап турат. Эң негизгиси ушул: коомдук пикирди эске алуу бул саясий маданияттын элементи. Биздин бийлик ушул маданиятка ээби же жокпу, көрө жаталы. Негизи, кээ бир өтө резонанстык иштерди карап, мыйзамды эмес, саясий буйрукту аткарган судьялар өзүлөрү эле кетип калганы оң. Баары бир булар эртеби-кечпи  жоопкерчилике тартылат.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити