Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди.

 

Иш-чараны уюштуруучулардын дагы бири Жамалбек Ырсалиев бул Гиннес китебинин мурдагы рекорддорунан ашып түшкөнүн, бардык талаптарды аткаруу менен даярдалган тамактар китепке киргизилет деп кабарлады.

 

Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында өткөн саамалыкка Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү да катышып жатканы кабарланган, бирок рекорд катталганы же катталбаганы кабарлана элек.

 

Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргени кабарланган.

 

Бул жолку Бишкекте бир тонналык бешбармак жана 110 метрлик чучук даярдалат деп айтылган.

 

Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.

 

Бешбармак - кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири.