Түркиянын Манавгате шаарында кыргызстандык Екатерина Четин киши колдуу болгон. Анын сөөгү Бишкекке 7-мартта жеткирилет.

 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, окуя 27-февралда болгон. 28-февралда маркумду күйөөсү менен ажыраштыруучу сот процесси болмок. Бирок, ага жетпей, түнү күйөөсүнүн иниси тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Анын артында үч баласы калды.

 

Прокуратура кылмыш ишин козгоп, шектүү кармалган.