Узаган аптада Жалал-Абад облусунда мамлекеттик органдардын 20 кызматкери жол тартибин бузгандыгы ашкереленди. Бул туурасында ички иштер министрлигинин жол көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка таянсак, жол тартибин бузгандардын 15и милиционер, калгандары жазаларды өткөрүү кызматынын, аскердик бөлүктөрдүн жана комисариаттардын мас абалындагы кызматкерлери.

Баса, бул кармалгандардын бардыгына административдик айыптар гана салынып, иштери сотко жөнөтүлдү.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити