Фарид кимдин тиреги: Алмазбек Атамбаевдинби же Сооронбай Жээнбековдунбу?
- Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс-президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу?
- Менимче, президент Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл албаганы өз алдынча болууга даяр эместигин билдирип жатат. Эл билбейт деп ойлоо бул чон жаңылыштык. Эл - тараза! Эгерде Ниязовдун отставкасын кабыл албаса саясий эрктин жоктугунан, элдин үмүтүн талкалап койот. Ошондуктан эл колдоп жаткандан кийин президент эч кимден жазганбай алдыга кете бериш керек.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити