Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

 

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65–беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова Аида Жеңишбековна Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 (беш) жылга эркинен ажыратылган; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 72-беренесинин негизинде сот жазаны өтөө мөөнөтүн 2015-жылдын 18-июлунда туулган баласы он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырган.

 

2018-жылдын 7-февралында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата 2017-жылдын 10-октябрындагы айыптоо өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин 359-беренесине ылайык, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 7-февралындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Саляновага карата Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-Процесстик Кодексинин 362-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, адамдын эркиндигин чектеген же эркинен ажыратууга соттоо жөнүндө өкүмдү аткаруу мөөнөтү соттолгон аял кош бойлуу же соттолгон аялдын жаш балдары болгондо - өзгөчө оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондордон башкалары кенже жаш баласы он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин 360-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, 2018-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

 

А.Ж. Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алынды.