Бишкек ШИИБи кызматтык унааларын оңдотууга 3,5 миллион сом каражат коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

 

Маалыматка караганда, 98 автоунаа оңдотулууга муктаж.

 

Алардын арасынан 2007-жылы чыккан  «УАЗ-39099» үлгүсүндөгү автоунааларга 80 миң сом коротулса, 2007-2010-жылдары чыккан «ВАЗ-21074», Лада-21705» (2015-жылдагы) жана  «Шевроле-Нива-2123» (2006-жылдагы) — үлгүсүндөгү автоунааларга 600 миң сом керектелет.

 

 Эң көп каражат – 2,55 миллион сом «Хонда» («Стэпвагон» 2004-ж) жана  «Одиссей» ( 2000-ж), «Ниссан», «Тойота», «Каролла», «Дэу» ж.б. унааларга кетет.