Айыл -чарба министрлиги 2002-жылы “Ч.С.” айыл чарба кооперативине мыйзамсыз түрдө “Аленка” балдар бакчасын саткан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Москва райондук прокуратурасы тарабынан “Мүлккө муниципалдык менчик тууралуу” мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Предтеченский айыл өкмөтүндө текшерүү жүргөн.
2012-жылдын июнь айында аталган прокуратура сотко муниципалдык обьектерди сатуу жана сатып алуудагы мыйзамдын бузулушун көрсөтүп, лоо арыз менен кайрылган. Бирок, сот иши кыскартылды, анткени, “Ч. С.” Кооперативи аталган балдар бакчасы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилгенин билдирген.
Бирок, 2014-жылы айыл өкмөтүнүн чечими менен балдар бакчасына ээлик кылуу укугу кайра эле аталган кооперативге берилген.
Көзөмөл органдарынын текшерүүсүнөн кийин айыл өкмөтү мыйзам бузууга баргандыгы аныкталган.
Маалым болгондой, “Алена” балдар бакчасынын имараты жана ал ээлеген жердин баасы 5 млн 221 миң сомду түзөт.