Эске салсак, маалымат каражаттарында АКШда Кыргызстандын эки жараны курал-жарак сатуу боюнча кармалганы жарыяланган. Кийинчерээк, кармалгандардын бири Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу Тенгиз Сыдыков экени белгилүү болгон.
Учурда Тенгиз Сыдыков сот аркылуу тергөө амалдары соңуна чыккыча бошотулду. Аны менен чогуу кармалган Элдар Резванов камакта калды.
Тенгиз Сыдыков 28 жашта6 а Элдар Резванов 27 жашта. Алар 27-февралда камакка алынышкан.
“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова бул боюнча уулунун курал сатууга эч кандай тиешеси жоктугун, таанышынын камалып калганын угуп, ага колдоо көрсөтүү ниетинде барганы үчүн камакка алынганын айтып чыкты. Айтымында, мурда Тенгиз Сыдыков Элдар Резвановдун батирин ижарага алгандыктан тааныш болушкан. Бирок, ал азыр башка батирде жашайт.
Бирок, АКШ полициясы Сыдыковду Резванов менен бир батирде жашаганы үчүн да камакка алышканын жарыялашкан.