Эгемендикке ээ болгондон берки чейрек кылымдан ашуун убакытта, баш учубузду жыя албай, мамлекетибиздин пайдубалын түптөй албай, көп убаракерчилик тартып, азып-тозуп, каңгып, ит көрбөгөн азапты баштан кечирип келебиз.

 

Бирок, “Ары болдук, бери болдук, сууга салган тери болдук, жаман-жакшы болсок дагы бир катындын эри болдук” деген, макалдагыдай барбыз (!), мамлекеттүүлүгүбүз жок болуп кетпей, жер үстүндөгү миңдеген элдерге калтабыздын калыңдыгы тең келбесе да, куру намысыбыз, ата-бабадан калган нарк насилди карманып, Кудайга шүгүр (!), туубуз Ала-Тоонун жонунда желбиреп турат.

 

Мамлекеттүүлүгүбүз эмне үчүн минтип, эл катары сакталып турат! Бул кимдердин эмгеги? Жерди сатып, элди тоноп келаткан, ууру тыңчыкма аткаминерлерибиз эмгегиби? Жок! Бул кандай да болсо, бабалардан калган нарк насилдин аркасы! Ошо өткөн доордогу ата-бабаларыбыз жаратып, миңдеген жылдары карманып келген нарк-насилдердин аркасында гана кыргыз кыргыз болуп сакталып келе жатат, десек жаңылышпайбыз!

 

Балким, кандайдыр бир кезеңде, ак, саргылт, кара түстүү адамдар түк калбай, жер үстү аралашып каймак кошкон кофе өңдүү адамдарга айланып, жер үстү бир өкмөткө баш ийип, ааламдагы, бизден башка, аң сезимдүү цивилизациялар менен согушту баштан кечирээри да тургандыр, алдыда. Андан кийин, “КҮН ӨЧҮП БАРАТАТ” деп, жылдыздарды аралап, жылдыз аралап көчө качаарыбыз да футурологдор тарабынан айтылып, окумуштуулар тарабынан изилдене, далилденип деле калды.

 

Ошондо кандай? Чындык деген эмне? Бүгүнкү талаш-тартыш, тарыхты тактоо, өткөндон сабак алуубу(?)... ,бул кайдан чыккан зарылчылык? Мунун жообу деле жөнөкөй. Бул деген, спираль сыяктуу, кайра-кайра, ар башка ыңгайда, тынымсыз кайталанып келе жаткан жашоо ыргагынын сыноосу эмеспи? Ар заманда, “жакшы деген эмне (?), жаман деген эмне (?), деген суроого жооп издебесе, адам адам болуп ушу деңгээлге жетээр беле? Ар доордо, эскисин эстеп, жанысын баамдап отурбаса, адамзат ушу деңгээлге жетээр беле?

 

Жерди курутуп, жаратылышты зордогонубуз менен (!), азыр тирүү турганыбыздын өзү, “ШАНС БАР!- керек болсо көчүп кетсек да адамзаттын уругун сактап калаарбыз” таризинде, азыркы адамзаттын акыл эси, илим-билими ушуга иштеп жаткан жокпу?

 

Анда неге биз, түбөлүктүү эмес, күнүмдүк категорияда ой жүгүртүп, кайдагы бир жети атаны санап жүрөбүз! Анткени, биз ошонубуз менен, ата-бабабыздын жаман-жакшыны ажыратканын ориентир катары карманып, жалпы адамзаттын агымынан калбай, эл болуп келебиз! Эгерде биз, жалаң бүгүнкү түшүнүктөргө гана таянган коомдун көз карашын карманып, эскиден сабак албаганда ким болмокпуз? Адамзат бизди эл катары тааныйт беле? Биздин Кыргыз болуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кармап турганыбыз бүгүнкү күндөгү коомчулуктун салымы эмес – биз бабалар салган жолдогу кылдыраган арабабыз!

 

Ушундай заманда, ушундай кырдаалда жалпы Ата-баба арбагын сыйлап, эскисин эстеген кыргыз эли, ар кайсысы, билгенине, деңгээлине жараша эскини эскерип, таарыхын тактап, өткөнүн даңазалоо, сый-ургал көргөзүү менен алектенип, бири аша чаап, бири жаңыдан эсине келип жаткан табигый көрүнүш.

 

Ошентип, жалпы делбеленүү ыргагы алып учуп, менин тууган-уругум Тагай бийден тараган Сары багыштын (Кылжырдын) Орозбактысынын  Мырзакулунун, Алсейитинин  Жаманкулунун, Төрокочкорунун небереси – Торгой баатыр бабабызды эскерип, эстелик тургузуп, мааракесин белгилөө демилгеси көтөрүлүп, Торгой баатырдан тараган 1500гө чукул түтүн эл жалпы колдоого алып, фонд ачып, акча жыйып, ушу күздо Төрт-Күлдүн Туура-суусунун көңдөйүндө чоң майрамга даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кези.

 

Ыраматылык Торокочкор атабыз тууралуу айткандардын көбү адашып, өзбектерде, сарттарда ак үйлүү (бир чети элчилик, экинчиден атасы сатып, башка тарапка ооп кетпесин деген жагынан алганда барымтада) жүргөндо деп жаңылышып жүрүшөт. Тарыхий булактарга, (кытай маалыматтарына) такталган маалыматтар боюнча  Тагай атабыз 1533-жылы каза болсо, орто эсеп менен, илимий негизде (эрте, кеч туулду деп) ар бир муунга 25 жыл берилээрин эске алганда Тагайдан бери алты муунду (150 жыл) кармаган Торокочкор атанын өлүмү 1680-1690- жылдарга туура келип жатат. Ал эми, ал өлгөндө куржунда келип, Куржун атка конгондун баласы Торгой баатыр бабабыз канчада болот?  Андыктан бул окуялар Коконго такыр жуурулуша албайт. Ал кезде кокон деген такыр жок. Анткени Кокон хандыгы 1709 пайда болуп, 1876-жылы жоюлган. Ал заманда Чынгызхандын Чагатай баласына арнаган “Чагатай улусунун” заманы кете элек, Ала Тоодогу кыргыздар Моголистанга (Чагатай улусуна) караган кез. (Орозбактыдан беш уул Арык, Мырзакулмырза, Азанмырза,Карамырза, Токочмырза)  (Мырзакулдан Алсейит, Тынымсейит) (Алсейит ата үч аял алып, экинчи аялынан тукум жок, биринчи аялы Токтобек энеден Ардам (Боор), алардан Кара боор, Сары боор, Кебеш, Байдөөлөт, үчүнчү аялы мүйүздү энеден Төрөкочкор, Итбок, Бооке, Кыдык, Белек деген беш бала).

Айтор деги, Торгой бабабыздын тукуму дүүлүгүп калды. Акча чогултуу, эстелик куруу, маараке өткөрүү иштери кызуу башталгандай. Демилгени Жалгап туугандар колго алганы айтылууда. Жалгап Курман бир тууган деген сөз бар. Экөө Майназардын баласы. Беккулу, Майназар, Бектемир, Бекназар, Муса беш бир тууган, булар Торгойдун балдары.

Элде, “Торгой Кыдыксыйт” деген сөз бар. Ал дагы бекер жерден чыкпагандыр? Төрөкочкор Кашкарда, сарайда өлтүрүлгөндөн кийин, “кыркы өттү, жесирди талаага таштаган болобу (?), таризинде Акучү баатырды аттандырышат. Хан сарайдан, заарда, тымызын чыгып кетүүнү болжогон Акүчү баатыр ат-көөлүгүн жайгаштырып жатканда женеси, (Токтоэнебиз) апкелген куржунду атка бөктөрсө ыңаалаган үн чыгат. Канжыганын кайыш  түйүнү чыкыйына кадала түшкөнбү?... Ошондо Акүчү баатыр: “Чё за дела” дегенде, кайран энебиз –“ичтен чыккан ийри жылаан” деген экен. Ал сөз лакап болуп калды. Ошондо, келиши менен эл тарабынан Куржун атка конгон Торгой баатырдын атасы эки айлык экен.

 

Энебизди Акүчү алып келгенден кийин, а кезге салыштырмалуу жакын тууганы катары эсептелген Тынымсейиттин Жаманагы, -“жеңемди өзүм алам”деп чыкканда, “иниси Кыдык турганда башкага бермек кайда” деп, 9 жаштагы Кыдык атага баш байлашкан экен. Ошондон улам, Торгой Кыдыкты ата деп чонойуп (Торгой турмак Куржун өзу Кыдыктан 9 жаш кичүү болуп атса, чоң ата да), “Торгой Кыдыксыйт” деген кеп калган. Ал эми Кыдыктан улуу агалары Итбок менен Боокеге эмне үчүн баш байлашпаганы, алар а кезде тирүү бар беле(?), жок беле(?) деген суроолорго жооп жок.

 

Ошентип дүргүп калдык. Эми той кандай өтөт? Татыктуу өткөзө алабызбы? Же акча кууп, кыргыз ичинде көнүмүшкө айланган ит адатыбызды карматып ит болобузбу? Ал белгисиз. Аны турмуш аныктайт. Кийин айтылат.

 

P.S. Торгой баатырдын мааракесине байланыштуу маалыматтар сандан-санга басылып улантылат. Маалымат бөлүшкүсү келгендер Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. эл. дарегине, же 0556 596945 тел. номуруна чалып кабарлашсаңыздар болот. Кийинки санда Торгой баатырдын уулу, Беккулунун урпагы, Кыргыз улуттук жазма адабиятына негиз салуучулардын бири Байсерке Калпаковдун уулу Муратбек Байсеркеевдин Торгой атанын тукумдары тууралуу жазган кол жазмаларына орун берели деп чечтик.

Сабыр МУКАНБЕТОВ.

Төрт-Күл 26 февраль 2018 ж.

Булак: “Майдан. kg” гезити