Кыргыз Республикасынын МУКК органдары тарабынан КР аймагында мыйзамсыз жашаган жана экстремисттик аракеттерге тиешеси бар адамдарды табуу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик  иш-чаралардын алкагында, тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын колдоочусу болгон КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандары, 1963-ж.т. «Р.К.Н.» жана 1985-ж.т. «А.Х.Р.» кармалышты.


Аталган адамдар эксремисттик идеологияны прапагандалоо жана жүзөгө ашыруу максатында өз өлкөсүнөн кылмыш жоопкерчилигинен качып КР аймагына келишкен.


Кармалган адамдар белгиленген тартипте өнөктөштөрдүн компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилди.