Президент Сооронбай Жээнбековдун Коррупциялык кеңештин жыйынында элдин жүрөгүндөгү чындыкты айтып, коррупцияга каршы айбаттуу күрөш жолуна түшкөнү колдоого татырлык иш деңизчи. Бирок, анын эртеси эле басма сөз беттеринде профессионалдык дарамети чалды-куйду болгон Манасбек Арабаевди кайрадан президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө башчы болуп дайындалышы эл ичинде Сооронбай Шариповичтин коррупцияга каршы күрөшүнө ишенбестик жаратканы чын да!

 

Ошондон бери басма сөз беттеринде, социалдык тармактарда бул инсандын фигурасы абдан кызуу талкууга алынып, түпкүлүгүндө таза эмес иштеп келген судьяларга калканыч болуп, азыр да жумушсуз калган айрымдарын кайрадан Жогорку Соттун судьялыгына алып келүүгө жанталашып жатканы ачыкка чыкты. Муну утурлай, дагы бир Манасбек Арабаевдин табиятынан таза эместигин далилдеген тирукмуш фактылар калкып чыкты. Бир топ убакыттан бери соттордо ишмердүүлүгү афералыктан турган “Синьхуа Цайфун” компаниясынын чуусу каралып жатат. Бул компаниянын башында Чен Мао Чун, Гао Вый Жын жана Абдисаит Керимбеков аттуу басма сөздө өтө көптөн бери айтылып келе жаткан эл аралык шылуундар турат. Манасбек Арабаев мына ошол азыркынын “Остап Бендерлеринин” кызыкчылыгын сотторго айтып коргоп келатканы, кызматына 1 миллион доллар алганы аңыз болуп эл ичинде айтылып жүрөт. Анан, ошол акчадан президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев менен да бөлүшкөнү чынбы? Эл аралык шылуундардын бетин күнү-түнү иштеп ачкан МУКК, Башкы прокуратура, Финполиция, ИИМдин тажрыйбалуу адистеринин иши ошондо Манасбек Арабаевдин кол астындагы соттордун айынан жолдо калып кетеби? Буга чейин 26 жолу соттор шылуундардын аракетине каршы туруп берген, эми ошол ак ниет судьяларданы эмгеги талаада калабы? Негизи Манасбек Матаевич Арабаев деген ким өзү? Эмнеге баары эле анын оозун карашат, же баарын майлап үлгүргөнбү? Же Атамбаев кетип, жаңылар эчтекени түшүнө электе “торпокту” сүзүп алайын деген жандалбасыбы? Атамбаев жанган чындык шамын Манас өчүргүсүсү келеби? Себеби, Атамбаевдин учурунда соттор да, аларды тейлеген адамдар да минтип ачыктан-ачык эл аралык шылуундарды колдоого алган эмес. Анан да эң кызыгы, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев бул балага эмнеге алданып басып жүрөт. Улуу эпосубуздай, Манастын жанында Алмамбеттин жүргөнүн, издешпей табышканын кара, ой-тобоо! Мындай кете берсе, эл ичинде Алмамбет да тез байып кетери айтылууда, же ал бечара майда-чүйдө гана акчага алданып олтурабы? Бирок, кандай болгон күндө да сотторду Алмамбеттин кабинетине чакырып алып бирден “такалап” келатканы канчалык деңгээлде туура, ия?

Сөз муну менен эле бүтүп калбайт, кийинки санда президент Сооронбай Жээнбековго кулак кагыш катары Манасбектин дагы кайсы иштерге башын салып, кимдер менен бөлүшүп акча жасаганы тууралуу шумдуктуу маалыматтар жарык көрөт. Ойлонуңуз, президент мырза, жаныңызда ким жүрөт?