Энергетика тармагындагы жана жол курулушунда жемкорлук эң эле күчтүү. Мындай пикирин мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Энергетика тармагындагы коопсуздук, кризис жана ал жактагы коррупция боюнча өткөн тегерек столдо билдирди.

Абдыганы Эркебаевдин айтымында быйылкы кыш карапайым калкка эле эмес, бийлик бутагында отурган аткаминерлерге да кыйынчылыкты  жон териси  менен сезгенге мүмкүндүк берди. Бул тармакка канчалык көп каражат сарпталбасын, жыйынтыгы эл күткөндөй болбой жатат.


“Менин эсимде бар үч-төрт жыл мурун коопсуздук кеңешинде Атамбаев энергетика тармагын оңдоп-түзөтүүгө 1,5 млрд. доллар сарпталды деген. Мына ошонун натыйжасы жакшы чыкпай жатпайбы. Ошол эле жылуулук борборундагы 386 миллион  бул эмне деген акча? Айталы мына ушундай жылуулук борборун Душанбеде 200 миллиондун тегерегинде бүтүрүштү. Ереванда да ошондой өлчөмдө, а биздикичи? Эки эсе көп кетти бирок сапаты, натыйжасы кандай болуп жатат? Биз мурда деле билчүбүз,  энергетика тармагындагы  жем корлуктун  эң эле күчтүү экендигин.  Менин жеке байкашымда, энергетика жана жол курулушунда да жемкорлук көп. Жолдун сапатын текшерип, өлчөш дагы кыйын экен. Мен билгенден ушул эки тармакка эле 3-4 млрд кетти,- деди Эркебаев.


Мамлекеттик ишмер “Бишкек ЖЭБна сарпталган каражаттын изи изилденип чыгып, коомчулукка ачык айтылышы керек жана тийешелүү адамдар жазасын алышы кажет”- деп эсептейт. Абдыганы Эркебаев жылуулук борборун жаңылоого кеткен каражаттан  чоң суммадагы акча уурдалып кеткендигинен шегим жок деп кошумчалайт: “Бул жерде акча уурдалган. Андан  менин  шегим жок. Ошончолук чоң өлчөмдөгү каражатты кымырып алууга  биздикилер менен кытайлыктар аралашып  чогуу иш кылышкан. Ошондуктан бул маселени акырына чейин изилдеп элге жеткириш керек”.
Буга чейин  Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны жана ага сарпталган 386 млн. доллардын максаттулугун иликтеген депутаттык комиссия кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев келишим боюнча Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоонун 1 киловатты 1287 доллар деп жазылганын, иш жүзүндө 1286 доллардан айланганын айткан. Башкача айтканда, 300 миң доллар айырма бар экенин билдирген эле.


Эл өкүлү: “бул жерде 1 доллар айырма. Жалпысынан 300 миң доллар. Бул катабы же эмне?”- деп суроо салган. Тилекке каршы эл өкүлүнүн суроосуна тиешелүү мекеме башчылары бул жагдайды түшүндүрүп бере алышкан эмес.


Эске салсак 26-январда Бишкек ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу борбор калаадагы үйлөргө, социалдык мекемелерге бир жумадай жылуулук жетпей калган.


Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо иши 2014-жылы башталып, былтыр аяктаган. Ага Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллар жумшалган. Убагында бийлик жаңылоо иштери жүз пайызга аткарылганын айткан. Бирок Сапар Исаков ЖЭБдин 30 гана пайызы жаңыланганын айтып, толук жаңылоого дагы 600 миллион доллар керектигин билдирди. Ал эми өткөн жылы Бишкек Жылуулук электр борборун модернизация кылууда бир МВттын баасы 1 млн 286 миң долларга айланган.

 


Булак: “Каганат”,  Булак: «Майдан. kg» гезити