Кыргызстан жана Түрк мамлекеттеринин ортосундагы Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип куруу, биргеликте башкаруу жана кийинчерээк Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча келишим долбоору парламент жыйынында каралды.
Депутат Аида Исмаилова оорукана беш жыл эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу болуп, андан кийин Кыргызстанга эч кандай талкуу-талапсыз өткөрүлүп берилет деп башында айтылганын эске салды.
«Бирок, келишимди кайра карадык. Биринчи документ жоголуп кетти, аны эч ким көрсөтө албайт. Беш жылдык мөөнөт үч жылга кыскартылды, оорукана эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана Кыргызстанга өткөрүлөт деп өзгөртүлдү. Кыскасы, убактысы келгенде оорукана Кыргызстанга өткөрүлүп берилбей да калышы мүмкүн, анткени, тараптар кандай макулдашууга келет, кандай келишим кабыл алышат, биз билбейбиз», - деди депутат.
Айтымында, жаңы келишим боюнча коммуналдык кызматтын чыгымдарын төлөө ооруканага тийиштүү болот. Ага 450-500 доллар керектелет.
«Оорукананын бюджети канча болоорун да билбейбиз, ага так аныктамабыз жок. Кыргыз тарап каражатты салып, жер берди, а ооруканадан кандай пайда табат? Салык төлөөчүлөр алардын акчасы кайда кетип жатканын билүүгө укуктуу. Бул моменттерди жаңы келишимден таппадык», - деген депутат коомдук талкуу өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Эске салсак, аталган оорукана Түркиядан кыргыз элине белек катары айтылган. Ал 31-августка чейин курулуп, иштетүүгө бериле турганы белгиленген.