Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын АКИпресс жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Кызматтан кетүү боюнча арыз ишемби күнү мамлекет башчысына берилген. Маалымат агенттиги жазгандай, аппараттын бүгүнкү кеңешмесине Фарид Ниязов катышкан эмес.