Ош шаардык ооруканасына 22-февралда 30 жаштагы индиялык студент түшкөн. ал оң жамбашы катуу ооруп жатканын айтып, көңүлү айланып, кускусу келип, оозу кургаганына даттанган.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

    

Аны дарыгерлер шашылыш түрдө ооруканага жаткырышып, алдын ала «перитонит» диагнозун коюшуп, ошол эле күнү операция жасашкан. Бирок, студенттин жүрөгү токтоп, биологиялык өлүмгө дуушар болгон.

 

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, маркумдун ичи ачылган. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түздү.

 

Индиянын жараны Ош мамлекеттик университетинде 6-курста билим алып жаткан.