Картинки по запросу двойное гражданство кыргызстан 

 

 

Депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратурага кош жарандуулугу бардыгы аныкталган аткаминерлерге жана депутаттарга кылмыш ишин козгоо талабы менен кайрылат. Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирди.

 

 «Кош жарандуулук алып жүргөндөрдүн жоопкерчилик формасын кайра карап чыгуу керек. Ооба, кайсы бир адамдын кош жарандуулугун текшерүү такыр мүмкүн эместигин билем. Бирок, жоопкерчилик тартуу болуш керек. Депутаттын мандаттан ажыратуу, кызматтан айдоо жоопкерчиликке тартууга кирбейт», - дейт депутат.

 

Ал «Ата Мекен» партиясынан Аида Салянованын ордуна парламентке келүү алдында турган  мурдагы Клара Кабилова – азыркы Гүлнара –Клара Саматка да токтолду. Айтымында, анын да башка өлкөнүн жарандыгын алган-албаганын текшерүү керек.

 

Белгилей кетсек, бир нече күн мурда Казакстанда КР парламентинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу камакка алынгандан кийин анын Казакстандын жараны экени белгилүү болгон.