Тамырлап кеткен коррупцияны Сооронбай Жээнбеков токтото алабы?

 

- Президент Сооронбай Жээнбеков  сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби?

 

 

Картинки по запросу коррупция

 

 

 

 

- Коррупцияны милиция, прокуратура, сот жана башка тармактарга бөлүп, алар менен күрөшүп жатабыз дегендей түр көрсөтүү  туура эмес. Анткени,  ушундай тартипте “күрөшүү” жүрсө, анда натыйжага жетмек түгүл бир топ артка кетебиз. Мамлекеттик коррупция системасы менен салгылашуу зарыл. Анткени, коррупция менен  жалпыбыз күрөшүшүбүз керек. Бирок, бийлик менен коомдун ортосунда ишенимдин жоктугу өкүндүрөт.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: «Майдан.kg» гезити