Петербургда маршруттук таксинин айдоочусу – Өзбекстан жараны жүргүнчүлөр менен мушташып, алган жаратынан мерт болду. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирет.

 

Окуя 21-февралда Ленин проспектисинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, 49 жаштагы айдоочу менен жүргүнчү ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Айдоочуну өлтүрүп, кол салган киши качып кеткен. Жабырлануучу 22-февралда ооруканада каза тапкан.

 

Бул боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр шектүүнү издеп жатат.