Талас облусундагы Бакай-Ата районунда жаран алкоголдук ичимдиктерди ичип, атасынын бир тууганынын баласына бычак ала чуркаган.

 

Бул тууралуу Талас облустук ИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, жабырлануучу оор абалда  аймактык ооруканага жеткирилип, операция жасалган.

 

Окуя 21-февралда болгон. Ага –ини ичимдик ичип отурушуп, мушташа кетишкен, бири экинчисин бычак менен эки ирет сайган. Жабырлануучу көкүрөк тушунан жараат алган.

 

Учурда бул окуя  боюнча кылмыш иши козголду.