Бул тууралуу «Астана» телеканалындагы маалыматка таянып, бир катар маалымат каражаттары жарыялашты.

 

 Маалыматка караганда, формальдегид жалаяктардан, кофталардан табылган. Ал кийимдер Кыргызстанда тигилген.

 

Мындан улам санитардык дарыгерлер шаардагы бардык ири соода түйүндөрүн текшерүүгө алышкан. Уу жашырылган кийимдер базарлардан да, дүкөндөрдөн да табылган. Товар алынып, сатуучуларга  2 миллион тенгеге жакын суммада айып салышкан.

 

Караганда облусунун коомдук саламаттыкты коргоо Департаментинин башчысынын орун басары Юрий Зальгиндин айтымында, Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен формальдегид табылган жана ал жаш балдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат.

 

Товарлардын басымдуу бөлүгү Алматынын базарларына Бишкектен алынып келинген. Формальдегид адамдын организмине сиңип, коркунучтуу кесепеттерди жаратат.