Жогорку Кеӊеште пенсияга чыгаарда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.
Пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоо узак убакытты жана кыйла оорчулукту жараткан жагдайларды талап кыларын белгилеген депутат Аалы Карашев ошондон улам жарандар үчүн зарыл документтерди даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү жана анын тизмесин кыскартуу менен пенсияларды дайындоонун тартибин өзгөртүү демилгеси сунушталып жатканын айтты.
“Бул маселелерде жоюлуп кеткен жана ишин токтоткон уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда иштешкен жарандар кыйла оор кыйынчылыктарга тушугууда. Мындай иш берүүчүлөрдүн катарына мурдагы СССРдин тушундагы жамааттык жана биргелешкен чарбалар, өнөр жай жана башка ишканалар, кийинки коммерциялык уюмдар жана башкалар кирет”, - дейт депутат.
Андан тышкары, демилгечилер 1991-жылга чейин айрым жарандарыбыз мурдагы СССРдин башка союздук республикаларында жайгашкан ишканаларында, уюмдарында, мекемелеринде иштешкендиги, же болбосо, Кыргызстандын аймагынан сырткары жерлерде окушкандыгы же аскердик кызмат өтөшкөндүгү тууралуу маселени эске алсак, жагдай андан бетер татаалдаша турганын айтышат.
Баяндамачы экинчи окуу жүрүшүндө мыйзам долбооруна карата эл өкүлдөрүнөн бир топ сунуштар келип түшкөнүн, алардын алгылыктуулары эске алынганын белгиледи. Ошону менен бирге, өкмөт өкүлдөрү менен мамлекеттик органдардын адистери да мыйзам долбоорун жакшыртуу жаатында жигердүү катышкан.
Соцфонддун башчысы Теӊизбек Абжапаров токой жана чабынды жерлерин ижарага алып иштеткен жарандардын өз төгүмдөрүнүн эсебинен пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди. Анын айтымында, пенсия чектөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ырааташтыруу максатында, азыр жарандардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө. Эми пенсиялык документтерди Соцфонддун өзү даярдай баштай турганын, демек, пенсияга чыкчу жарандар арыз берүү менен эле чектелерин кошумчалады.