КТРКнын Байкоочулар кеӊешинин мүчөсү Калыбек Тайтекеевдин башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен Байкоочулар кеӊешинин курамынан чыгаруу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.


Андан тышкары, ушул эле токтом менен КТРКнын Байкоочулар кеӊешиндеги бошогон орунга сынак жарыяланды.


Белгилей кетсек, КТРКнын Байкоочулар кеӊешинин мүчөлүгүнө талапкерлер Президент, Жогорку Кеӊеш, жарандык коом тарабынан көрсөтүлөт.