Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 1-окууда каралды.

 

КР юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаковдун айтымында, мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

 

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Долбоор аркылуу «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калып жатат.

 

Мындан сырткары, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү сунуш кылынууда. Анда автоунаа ээси унааны каттатуу (кайра каттатуу) эрежелерин сактабагандыгы үчүн 80 эсептик көрсөткүчтө айыппул төлөөсү каралган. Ал эми юридикалык жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынмакчы.

 

Бир катар депутаттар каттатуу мөөнөтүн 10 күнгө чейин узартуу демилгесин колдоого алды.

 

Депутат Элвира Сурабалдиева элдин мүмүкүнчүлүгү эске алынбай эле каттатуу эрежелерин сактабаган жарандарга айыппул эки миң сомдон сегиз миң сомго эмне себептен көтөрүлүп жатканына нааразычылыгын билдирди. Мындай сын-пикирди депутат Таалайбек Масабиров улады. “Айыппулдун көлөмүн жогорулатуу автоунаа ээси мене тиешелүү кызмат адамынын ортосундагы коррупциялык мамилеге алып келет”,- дейт депутат А.Алтыбаева. Депутат Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, автоунааларды каттоонун баасы төмөндөсө жарандар унааларын өз учурунда каттатат.

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу сунуштары менен 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.