Парламенттин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

 

«Кыргызстан» фракциясы депутатынын камалышы тууралуу тараткан билдирүүсүндө анын мыкты спортчу экенине басым жасашкан. Мыктылыгы мыкты экен, бирок, башка өлкөнүн намысын коргогон. 2001-жылы грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттыкта Казакстандын желегинин алдында катышкан. Ал убакта азыркы депутаттын аты-жөнү Динарбек Асылбек уулу деп аталган.

 

Ал паспортунда көрсөтүлгөндөй 1981-жылы эмес, 1979-жылы туулган. Жаш курагын кадет таймаштарына катышуу үчүн Казакстандын жарандыгын алып жатканда өзгөрткөн.

 

Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков маалымат каражаттарына бул маалымат чындыкка коошпой турганын, депутаттын бир эле жарандыгы – кыргызстандыкы гана бардыгын билдирген.

 

Мындай маалыматтардан улам, биз кимди эл өкүлү кылып шайлап алганбыз деген суроо туулат.

 

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда контрабанда менен кармалып, эки айга камакка алынган.