Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Башкы башкармалыктын кызматкери жаш баланы коюп кеткен. Аны чагылдырган видео интернет тармагына жүктөлдү.

 

Андан жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкер кызматтык унаада баратып жол кырсыгын шарттаганын көрүүгө болот. Аталган кызмат бул окуяга өздөрүнүн кызматкери чын эле аралашканын тастыкташты. Окуя Ноокат районунда 20-февралда болжол менен 16:20да болгон. 2-класстын окуучусу жолду кесип өткөн учурда кырсыкка кабылган. Баланын ата-энеси аны медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартышкан. Бирок, Ноокат райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматынын кызматкерлери баланы текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылышкан. Дарыгерлер балада эч кандай жарааттар жоктугун аныкташкан.