Картинки по запросу талантбек батыралиев 

 

Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Аида Исмаилова Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин калпын кармады.

 

Белгилей кетсек, парламент «Дары-дармектер боюнча» мыйзамды карап жатышкан.

 

«Жашоого маанилүү дары-дармектердин тизмесин түзгөн методика силерде жок. Каратып туруп калп айтып атасыӊар. Нормативдик-укуктук актылар жок, а силер бар деп айттыӊар», - деди депутат Исмаилова.

 

Спикер депутаттын айтканына түшүндүрмө берүүнү министрден суранды.

 

Ал: «Коомчулукту адаштырсаӊар, жоопкерчилигин тартасыӊар», - деди министрге.

 

 

А министр депутатка кат жүзүндө жооп берээрин айтты.