Кадамжай районунун тургуну 3 жаштагы өгөй кызын сабаган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жабыркаган кыз аймактык ооруканага 6-февралда жеткирилген. Дарыгерлер ал тууралуу милицияга кабарлашкан.
«Алгач бул фактыны кырсык катары катташкан. Аймактык оорукананын дарыгерлери 2014-жылы туулган кызды ит тиштеп ооруканага түштү деп кабарлашкан. Текшерүү учурунда кыздын энеси жумушу менен бир жакка кетип, кызын өгөй атасы менен калтырганын милицияга айтып берген. Андан кийин эне күйөөсү кызын сабаганы тууралуу арыз жазган», - деп билдирди ИИМ.
Маалым болгондой, киши кыздын бетин күчүккө тыттырган. Ал бул менен сабагандан калган изди күчүккө шылтап коюуну ойлонгон.