Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы Кыргызстандын Муфтиятынан Чубак ажы Жалиловдун чакырыктарына баа берүүнү талап кылды. Ажы Нооруз майрамын майрамдабоого чакырык таштап, бул коомчулукта ача пикирлерди пайда кылган.
Аталган комиссия Нооруз КР Эмгек кодексинин негизинде расмий майрам катары катталганын эскерткен. Ал эми аны майрамдабоого чакырык таштоо Кыргызстандын Конституциясындагы светтик принциптерге каршы келет. «Мындай аракеттер кыргыз элинин баалуулугу менен салттуу исламды бири бирине карама каршы коет», - деген Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы.
Эске салсак, Чубак ажы акыркы учурда "Нооруз майрамын майрамдоо арам" деген маанидеги пикирин билдире баштады.