Жогорку Кеңештин жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров Ысык-Көлгө келген туристтер кубандырбай турганын айтты.

 

 Бүгүн парламент “Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун карады. Максат Сабиров бул мыйзамдолбоорунун демилгечилеринин бири.

 

 «Азыр көлдүн жээгинен 50 метр арыраакка эле даараткана куруп башташты. Мунун баары көлдүн суусун булгайт. Ысык-Көлгө туристтердин келип жатканына кубанбайм, анткени, аларды кабыл алууга жетиштүү шарт жок. Бардык жакта целлофан баштыктары учуп жүрөт, көлдүн айланасы таштандыга толгон», - деди депутат.