Ноокат районунун экс-акими Бекболот Айтиев бойго жете элек кызды зордуктоого аракет жасаганы үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

 

Айтымында, Ош облустук соту айыпталуучуну актаган  Ош шаардык сотунун чечимин жокко чыгарды. Бирок, айыпталуучу жоопко тартылбады. Кылмыш иши алгач «Жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого аракеттенүү» беренеси боюнча ачылган, бирок, кийинчерээк «бейбаштык» беренесине өзгөртүлгөн.

 

 Укук коргоочу мындай чечимге макул эместигин билдирет. Айтымында, иш мөөнөтү өтүп кеткени үчүн токтотулган.

 

«Бул такыр туура эмес. Ал кыздын үй-бүлөсүнө абдан чоң моралдык запкы берди. Кыз дагы деле дарыланып жатат», - деген укук коргоочу соттун чечимин Жогорку сотко арызданышкандарын, бирок, азырынча угуу белгилене электигин кошумчалады.

 

 Окуя 2016-жылы болгон. Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну укук коргоо борборуна кайрылып, ошол жылдын 12-июнунда Сапарбай каналынын жээгинде 11 жаштагы кызын зордуктоо аракети болгонун билдирген. Кыздын жанында 10 жаштагы сиңдиси да болгон, анын жардамы менен кыз качып кете алган. Кыз денесинен көптөгөн жарааттарды алып, оорукананын травмотологиялык бөлүмүндө бир нече күн дарыланган.

 

 

 Ошол эле айда прокуратура кылмыш ишин козгоп, 30 жаштагы шектүү кармалган. Бирок, ал адам Ноокаттын экс-акиминин жээни болгондуктан, жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган. Ал турмак экс-аким  жабырланган кыздын энесине келип, арызын кайра алуусун талап кылып, коркуткан.