Журналист Нарын Айыптын 90 жаштагы энеси Райла Идинова сотко видеокайрылуу жолдоду. Ал соттун акыйкат болушун суранган.
Айтымында, сот сатыкка коюуну чечкен үйдү сатып алууда уулунун салымы болгон эмес.
«Үйдү күйөөм экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Аны алганда абдан кубанган элек. 1928-жылы туулгам, 90 жашка чыктым. Күйөөм экөөбүз мамлекетке кызмат кылдык. А эми карыган чагымда күйөөмдөн калган үйдү тартып алгыңар келеби?» - дейт эне.
Эске салсак, Нарын Айып доого жыгылып, аны убагында төлөй албаганы үчүн сот журналист каттоодо турган үйдүн үчтөн бир бөлүгүн сатыкка коюуну чечкен.
Журналист экс-президент Атамбаевдин абройуна шек келтирген деген жүйө менен айыпталган.