Биздин сот, прокуратура, милиция сыяктуу укук коргоо органдары карапайым калктын укугун коргобой эле, тескерисинче аларды кордоп, өздөрү кылмышкерлер менен табакташ болуп, ар кандай мыйзамсыз иштер менен шугулданып калышкандыгы жашыруун эмес. Башкасын кой, өткөндө ИИМдин Баңгизатка күрөшүү башкармалыгынын отставкадагы жана Ысык-Көл, Нарын облусттары боюнча бөлүмүнүн полковниктери ири өлчөмдөгү героин менен кармалышы бул сөзүбүздүн далили болуп саналат. Ошол элдин нааразычылыгы менен Кудайга жеткен үнү С.Жээнбековго да жетип, Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган органдардын жетекчилерин бир топ сестенткен. Андан кийин коомчулук президенттин чечкиндүү кадамдарга барышын талап кылууда. Ушул жумада УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев кызматынан бошотулду. Анткени бул кызмат коррупцияга каршы күрөшпөй эле бийлик үчүн “ыңгайсыз” оппоненттерди камаган органга айланып калган. Андан соң президент ИИМ башчысы У.Исраиловду кабыл алып, милицияны мыйзамсыз иштерге аралашкан кызматкерлерден тазалоону тапшырды. С.Жээнбеков министрге милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга катышкан кызматкерлерден ички иштер органдарын тазалоону күчөтүү милдетин да коюп, “Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат”,- деп “погончон кубулмалардан” арылууну жана кылмыштуулукка каршы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Ошентип ИИМ кылмыштуулук менен эмес, өзү менен өзү күрөшүп калды...
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити