Бишкектеги Свердлов райондук сотунда «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы кожоюну Александ Кимге байланышкан кылмыш ишин карап бүтүп, чечим чыгарды.
Процесске Санжар Чотонов судьялык кылды.
Соттун чечими боюнча Александр Ким алты жылга шарттуу кесилди. Эки жыл сыноо мөөнөтүндө болот.
Чечим чыгарууда сот айыпталуучунун ден соолугун, алган сыйлыктарын жана оң мүнөздөмөлөрүн эске алды. Ошондой эле сот Александр Рябушкиндин пайдасына 27 миллион сом төлөнөөнү өкүм кылды.
Александр Ким өзүнө карата ачылган кылмыш ишин саясий заказ деп эсептейт. Райондук соттун чечимин анын адвокаттары жогорку инстанцияларга арыздана тургандыктарын билдиришти.