Картинки по запросу дамирбек асылбек уулу 

 

 

Ансыз деле кыргыз коомчулугунда КРнын ЖК VI чакырылышына нааразычылыктар күчөп, депутаттар “тарасын-тарабасын” деген пикирлер күч алып турганда “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда аткезчиликке айыпталып кармалышы бомба жарылгандай эле окуя болду.  Казак тараптын билдирүүсү боюнча, Башкы прокуратуранын көзөмөлү менен атайын операция Казакстандын Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешкен 9 бажы өткөрмө бекеттеринде жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө жалпысынан 35 киши кармалып, үчөөсү кыргызстандык жарандар болгон. Калгандары Казакстандын Бажы жана башка трансулуттук аткезчилик жүктөрдү өткөрүүгө тиешеси бар кызматкерлер экендиги айтылууда. Ошондой эле казак Башкы прокуратурасы аткезчилик товар Кытайдан көмүскө бажы схемаларынын жана жасалма документтердин негизинде Кыргызстан аркылуу түз кирип тургандыгын кошумчалады. Бул өткөн жылы экс-президент А.Атамбаевдин Акордого таш ыргытып, анын кесепетинен баурдастар биз менен чек арасын бир топко жаап, бирок анын себебин Кытайдан Кыргызстан аркылуу ири өлчөмдө аткезчилик товарлар өткөрүлүп, бир эле Казакстандын эмес, бүтүндөй ЕАЭБдин экономикасына оңбогондой зыян келтирип жаткандыгы боюнча койгон дооматын далилдөө аракети эмеспи? Эмнеси болсо да мындай экономикалык кылмышка парламент депутатынын аралашкандыгы жалпы кыргыз бийлигинин эл аралык аброюн кетирип койду окшойт.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити