Рамзан Кадыровдун уулдары Ахмад жана Адам Кадыровдор казакстандык 10 жаштагы Абай Тажибай уулунун билдирүүсүнө жооп кайтарышты.

 

Бул тууралуу  Tengrinews.kz видео жарыялады.

 

Видеодо Ахмад Кадыров: «Абай, сен чыныгы эркек экенсиң. Ушунуңдан жазба. Эгер тагдыр бириктирсе, ага-ини болобуз. Биздин өлкөгө кел, биз конокторго дайыма кубанычтабыз», - деген.

 

Эске салсак, Алматы шаарынын тургуну Абай Тажибай уулу  Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун уулдары Ахмад жана Адамды күрөшүүгө чакырган.