Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулуна Казакстанда расмий айып тагылды.
Ал 2 айга камакка алынды. Аны менен бирге кармалган эки кыргызстандык да эки ай тергөө абагында отурушат.
Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка таянсак, чечим Алматы шаардык соту тарабынан кабыл алынган.
Маалыматка караганда, депутат менен чогуу камалгандар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров аттуу жарандар.
Кармалгандарга Казакстан мыйзамындагы "Экономикалык аткезчилик" жана "Улут аралык кылмыштуу топту түзүү жана алардын үстүнөн жетекчилик кылууга аралашуу" беренелери боюнча айып тагылган.
Эске салсак, депутат жана анын шериктери 16-февралда кармалышкан.